Окуялар

Новопокровка айылында автобус турак жайдын дубалын сүздү

Чүй облусунун Новопокровка айылындагы акыркы аялдамада №40 каттамдагы автобус жеке турак үйдүн дубалын сүздү. Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 27-сентябрда саат 11:00 чамасында Кирпичная көчөсүндө болгон.

«Zhong Tong» үлгүсүндөгү автобусту Ж.Б. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар болгон эмес.

Окуя каттоого алынып, учурда автобустун акыркы аялдамада жолдон чыгып, турак үйдүн дубалын сүзүшүнүн себептери такталып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button