Октябрда Бишкек жана аймактарда 4 миңден ашуун батир пайдаланууга берилет

Октябрь айында Бишкек жана Манас шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында курулуп жаткан турак жай комплекстериндеги 4 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдирди.
МИКтин маалыматына караганда, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө аяктаса, октябрь айында бир катар турак жай комплекстери пайдаланууга берилет.
Атап айтканда, Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндө 1104 батир, Бегматов көчөсүндө 105 батир тапшырылат.
Манас шаарында Малашев көчөсүндөгү 600 батир жана Садыров көчөсүндөгү 1065 батир пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында 312, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүндө 500, Нарын шаарындагы Молдоев көчөсүндө 216 жана Кочкор районунун Кочкор айылында 217 батирдин курулушун аяктоо пландалууда.
Жалпысынан аталган объектилер боюнча 4119 батирди пайдаланууга берүү каралган.
Белгилей кетсек, учурда республика боюнча 83 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 2026-жылдын аягына чейин 20 миң батирди пайдаланууга берүү максатталган.



