Коом

Кыргызстан TAJ-TECH 2026 көргөзмөсүндө санариптик кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Душанбе шаарында TAJ-TECH 2026 өтүүдө. Иш-чаранын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин стартаптар форуму жана «Санариптик кызматташтык: инвестициялар жана технологиялык өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аталышында панелдик сессия өттү.

Кыргызстандын атынан иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов катышты. Ал технологиялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн түзүлүп жаткан шарттар, венчурдук каржылоо, инвесторлорду санариптик коштоо жана ШКУга мүчө мамлекеттер менен кызматташуу багыттары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Мээримбек Койчуманов белгилегендей, Кыргызстанда 2026-жылы «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, стартаптарга инвестиция тартуу үчүн укуктук негиз түзүлдү. Мыйзамда компаниядагы келечектеги үлүшкө укук берүү жөнүндө макулдашуу жана конвертациялануучу зайым сыяктуу заманбап каржылык инструменттер каралган.

Санариптик кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары энергетика, суу ресурстарын башкаруу жана логистика белгиленди. Бул тармактарда ресурстарды интеллектуалдык эсепке алуу, жүктөмдү болжолдоо жана жүк ташууларды санариптик башкаруу сыяктуу чечимдерди колдонуу ресурстардын ысырап болушун жана чыгымдарды азайтып, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жеткирүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы өнөр жайлык пайдаланууга даярдалып, актуалдуу маалыматтар менен толукталууда. Система инвестициялык долбоорлор, тиешелүү документтер жана макулдашуу этаптары тууралуу маалыматтарды бир жерге топтоп, долбоорлорду системалуу коштоого жана мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүнү жакшыртууга шарт түзөт.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ШКУга мүчө мамлекеттер менен тажрыйба алмашууну улантууга, ошондой эле жаңы инвестициялык жана технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Тектеш кабарлар

Back to top button