Маданият
Көчмөндөр оюндарына жасалган декорациялар жана тигилген костюмдар театрларга өткөрүлүп берилет

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып жасалган декорациялар жана тигилген сахналык костюмдар театрларга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бюджеттик каражаттын эсебинен көп сандагы сахналык костюмдар тигилип, декорациялар жасалган.
«Учурда министрликтин балансында турган бул буюмдардын баарына инвентаризация жүргүзүлүүдө. Андан кийин бардык декорациялар жана костюмдар театрларга өткөрүлүп берилип, сахнада колдонулат», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 1–6-сентябрь күндөрү Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, ага Кыргызстандын миңдеген жарандары жана чет элдик туристтер катышкан.


