Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Глобалдашуу жана интеграция шартында авиация өлкөлөр менен континенттерди байланыштырып, аралыктарды кыскартып, дүйнөнүн эң алыскы аймактарына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга мүмкүнчүлүк түзүп, өзгөчө мааниге ээ болууда. Жарандык авиация өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө да өзгөчө орунду ээлейт.
Аба каттамдары Кыргызстанды Борбор Азия өлкөлөрү жана дүйнөнүн башка мамлекеттери менен байланыштырып, эл аралык соода-экономикалык жана ишкердик байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө. Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе — авиациянын өнүгүшү туризмди, анын ичинде жогорку деңгээлдеги туризмди өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясы өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Өлкөдө аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик көзөмөл системасын өркүндөтүү, ошондой эле улуттук мыйзамдарды жана стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
Учурда өлкөнүн авиациялык паркын эки орто аралыкка учуучу жана эки турбовинттүү аба кемесин сатып алуу аркылуу кеңейтүү маселеси каралууда.
Авиациялык парк кеңейип жаткан учурда өлкөнүн аэропорттук инфраструктурасы да жаңы деңгээлге чыгарылууда. Өлкөнүн түштүгүндө, Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу активдүү уланууда. Жаңы эл аралык аэропорттун ишке кириши «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» багыты боюнча темир жол инфраструктурасынын өнүгүшү менен айкалышып, ири аймактык транспорттук-логистикалык түйүндү түзүүгө, региондун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, туризмди өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүүгө кошумча шарттарды түзөт.
Быйылкы жылдын маанилүү жетишкендиктеринин бири — Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен чыгарылышы болду. Кыргызстан дээрлик 20 жыл бою турган бул тизмеден өлкөбүздүн чыгарылышы ата мекендик жарандык авиациянын тарыхындагы маанилүү жетишкендик болуп, тармак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Бул тарыхый максатка жетишүүгө олуттуу салым кошкон адистерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Бүгүн авиация тармагында заманбап билимге ээ, эл аралык талаптарды жакшы билген, жаңы технологияларды өздөштүрүп жаткан жана өз өлкөсүнүн авиациясын өнүктүрүүгө жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылган адистердин жаңы мууну калыптанууда.
Алдыбызда учуулардын коопсуздугунун жетишилген деңгээлин сактоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча жооптуу милдеттер турат.
Урматтуу жарандык авиациянын кызматкерлери жана ардагерлери!
Жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, жоопкерчилигиңиздер жана өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер үчүн, ошондой эле Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Авиация тармагынын ардагерлерине, жаш адистерге жана жарандык авиациянын бардык кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жооптуу, ардактуу ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм.
Ар бир каттам ийгиликтүү, ар бир жол коопсуз болсун!
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы мындан ары да ишенимдүү өнүгүп, элибиздин бакубаттуулугуна жана өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнө кызмат кыла берсин!
Майрамыңыздар менен!»



