Коом
Мал тууралуу маалыматты эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу текшерүүгө болот

Ветеринария кызматынын Жаныбарларды идентификациялоо системасы «Түндүк» мобилдик тиркемеси менен интеграцияланды.
Эми жарандар өздөрүнүн атына катталган үй жаныбарлары жана мал-жандыгы тууралуу маалыматты түздөн-түз тиркеме аркылуу оңой ала алышат.
Эгерде тиркемедеги тизмеде малыңыз чыкпай калса же маалыматтарда катачылыктар аныкталса, жашаган жериңиздеги ветеринарга кайрылуу сунушталат.



