Коом
Боомдо таш түшүрүү иштерине байланыштуу жол жарым-жартылай жабылат

13–16-октябрь күндөрү Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуштар күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат. Бул убакта жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен кезектешип өткөрүлөт.
Эгер каттамда 30–40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп турат.
Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландаштырып, жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.



