Коом

Майлуу-Суу шаардык медициналык кызматына тез жардам унаасы берилди

Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймактарында медициналык инфраструктураны чыңдоо жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Министрликтен билдиришкендей, анын алкагында Майлуу-Суу шаардык медициналык кызматынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, шашылыш чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу максатында жаңы тез жардам унаасы бөлүнүп берилди.

Мындан сырткары, 23-октябрда президент Садыр Жапаровдун Майлуу-Сууга болгон иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртуу маселелери кеңири талкууланды.

Кийинки кадам катары, шаар калкына жана ага чектеш аймактардын тургундарына сапаттуу саламаттык сактоо кызматын сунуштай турган 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын куруу каралууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button