Коом
ЕАЭБ: Дарыларды каттоодо активдүү заттын аталышын көрсөтүү талап кылынат

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө дары-дармектерди каттоодо алардын курамындагы активдүү заттын аталышын көрсөтүү милдеттүү болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоого берилүүчү арыздын формасына өзгөртүү киргизилди. Эми анда дарынын активдүү затынын эл аралык патенттелбеген аталышы же жалпы кабыл алынган, топтоштурулган же химиялык аталышы көрсөтүлүшү керек.
Мындан сыртккары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө май жана гель түрүндөгү дарылардын адамдын терисине сиңишин текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембрана колдонууга уруксат берилди. Өзгөртүүгө ылайык, эми дарылардын биоэквиваленттүүлүгүн текшерүүдө адамдын терисине окшош жасалма мембрананы колдонууга болот.



