Бишкек милициясы 21 миң долларды ээлеп алган жасалма прокуратура полковнигин колго түшүрдү

Милиция кызматкерлери өзүн Башкы прокуратуранын полковниги катары тааныштырган алдамчылыкка шектүү аялды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Тергөөдөгү маалымат боюнча, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган Э.У. аттуу жаран прокуратуранын полковнигинин погону тагылган форма кийип, өзүн жогорку кызматтагы адам катары тааныштырып жүргөн. Ал жабырлануучунун ишенимине кирип, анын 21 000 долларын ээлеп алган.
Шектүү акчаны ар кандай шылтоо менен алган: мейманкана бизнесин ачууга, арыз ээсинин кызын Кембриж университетине өткөрүүгө, батир жана Түркияга жолдомону арзан сатып алууга, ошондой эле Башкы прокуратура аркылуу маселелерди чечип берүүгө жардам берерин убадалаган.
Мындан тышкары ал пара менен кармалганын жана ага тез арада каржылык жардам керек экенин айтып, карызга акча сураган.
Ошондой эле шектүү абактарда кармалгандар менен жолугушууларды уюштуруп берүү шылтоосу менен акча алып жүргөнү аныкталды.
Кармалган аялдын үйүн тинтүү учурунда полковниктин погону тагылган прокуратура органдарынын формасы алынды.
Алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция кармалган аялдын аракеттеринен жабыркагандарды 102 же 0708 049 244 номурлары аркылуу кайрылууну суранат.



