Коом

ИИМ: Кыргызстандын делегациясы Астанадагы эл аралык киберфорумга катышууда

Кыргызстандын Ички иштер министри Астанада өткөн эл аралык конференцияда сүйлөдү.

2026-жылдын 4-5-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган эл аралык конференция өтүүдө. Ири масштабдагы иш-чарага 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын негизги максаты — транс улуттук киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, алдыңкы тажрыйбалар жана технологиялар менен алмашуу, ошондой эле заманбап санариптик коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн практикалык механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жетектеп барды.

Конференциянын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн министр киберкылмыштуулук тынымсыз өзгөрүп, барган сайын татаал уюштуруучулук мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшүнө байланыштуу пайда болгон жаңы чакырыктарга өзгөчө токтолду. Тактап айтканда, жасалма жол менен даярдалган үндөр, тааныш адамдардын жана мекемелердин атынан жөнөтүлгөн жалган билдирүүлөр, ошондой эле ойдон чыгарылган инвестициялык сунуштар алдамчылыктын кеңири жайылган ыкмаларына айланып жатканын белгиледи.

Мындай кылмыштардын өлкөлөр аралык мүнөзгө ээ болушу аларды аныктоону жана бетин ачууну кыйла татаалдаштырат. Анткени кылмышкерлер башка мамлекеттердин аймагынан туруп, чет өлкөлүк санариптик платформаларды, үчүнчү жактардын банктык эсептерин жана ар кандай өлкөлөрдүн финансылык инструменттерин колдонушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Улан Ниязбеков киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө комплекстүү мамиленин зарылдыгын баса белгиледи. Анын ичинде укук бузуулардын алдын алуу, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, укук коргоо органдарынын, банк мекемелеринин жана байланыш операторлорунун ыкчам өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле мындай кылмыштарга натыйжалуу каршы туруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашууну өз убагында уюштуруу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын аталган конференцияга катышуусу эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана санариптик мейкиндиктеги заманбап коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ыкмаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button