Коом

Бишкек мэриясы көчөлөрдүн жаңы даректерин текшерүүчү порталды ишке киргизди

Бишкек мэриясы көчөлөрдүн аталыштары жапырт өзгөртүлгөндөн кийин жаңы даректерди билүүгө боло турган порталды ишке киргизди.


Шаар тургундары көчөлөрдүн өзгөртүлгөн аталыштарын жана үйлөрдүн жаңы даректерин эми интернет аркылуу текшере алышат.
Ал үчүн e-meria.kg сайтына кирип, «Даректи текшерүү» бөлүмүн ачуу керек. Издөө бөлүмүнө көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин жазса система жаңы даректи көрсөтөт.
Белгилей кетсек, борбор калаадагы жыйырмага чукул көчөнүн аты өзгөртүлүп, бириктирилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button