Коом

Садыр Жапаров милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун жаңы имаратынын жана ИИМдин 42 обьектисинин ачылышына катышты

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

2026-жылдын 1-ноябрында борбор калаада Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун үч кабаттуу жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти-Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров, ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, ИИМдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам жана чакырылган коноктор катышты.

Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү менен башталды.

«Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар мындан да бекем, мындан да ыкчам аракеттерди талап кылат. Ушундан улам, менин тапшырмамдын негизинде акыркы алты жылда элибизге ак кызматын өтөп, калкыбыздын сыймыгы болуп, коопсуздукту сактаган Кыргыз милициясына керектүү шарттар түзүлүп келе жатат. Декабрь айынан баштап айлык акыларыңыздар дагы жогорулатылган өлчөмдө төлөнө баштайт», -деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы милиция кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, аларды элдин тынчтыгын, коомдук тартипти жана өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу ишинде мындан ары да жоопкерчиликтүү кызмат өтөөгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы имараттын ачылыш аземи өткөрүлүп, мамлекет башчысы кызматтык бөлмөлөрдүн жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттардын абалы менен таанышты.

Үч кабаттуу административдик имаратта кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштурууга жана күнүмдүк кызмат өтөөсүнө бардык зарыл шарттар каралган. Анын ичинде заманбап санарип борбору-“Санарип кайгуул”, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казармалар жана кызматкерлердин эс алуусуна арналган бөлмөлөр жайгашкан.

Мындан тышкары, Президентке полктун футбол аянтчасы, унаа паркы, кызматтык жана атайын техникалары көрсөтүлдү. Ошондой эле жакын жана алыс аралыкка атууга арналган тир бөлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырылды.

Белгилей кетсек, жаңы имараттын пайдаланууга берилиши милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен катар, кызматкерлердин кызмат өтөөсүнө заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Бул өз кезегинде коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле бүгүн Президенттин катышуусунда Ички иштер министрлигине караштуу дагы 42 обьект, анын ичинде райондук ички иштер бөлүмдөрү, шаардык милиция бөлүмдөрү, бала бакча жана башкалар онлайн форматта ачылды. Аталган объектилердин ачылуусу ички иштер органдарынын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, кызматтык ишти заманбап талаптарга ылайык уюштурууга жана жарандарга ыкчам, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button