Коом

Президенттик шайлоо–2027: Аскер кызматкерлери аралыктан добуш берүү системасын сынашты

Күн мурун 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө аралыктан добуш берүү системасы тестирлөөдөн өткөрүлд.

БШКдан билдиришкендей, тестирлөөгө 215 офицер жана жоокер катышты.

Анда саат 10:00дөн 15:00гө чейин адистер шайлоо системасынын модулдарынын, байланыш каналдарынын жана жабдууларынын туруктуу иштешин, ошондой эле шайлоочулардын өздүгүн онлайн аныктоо механизмин текшеришти.

Өзгөчө көңүл шайлоочуларга туруктуу катталган жерине барбастан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө бурулду. Бул үчүн алардын инсандыгын онлайн форматта ырастоо механизми каралган.

Тестирлөө 18-ноябрда өтө турган шайлоо системасын жалпы республикалык деңгээлде текшерүүгө даярдык көрүү иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Эске салсак, Кыргызстанда президентти шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button