Коом

Президент энергетикалык суусундуктар боюнча тапшырма берди

Энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу сунушталды: Президент 1 айлык мөөнөт берди.


​ Садыр Жапаров өлкө аймагында энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана сырттан киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, ал эми 6 ай аралыгында мыйзам түрүндө жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
​Мамлекет башчысынын белгилешинче, акыркы убакта энергетикалык суусундуктардын терс кесепеттери тууралуу жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшүп, бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасынан да бир катар көтөрүлгөн.
​Президент мындай суусундуктар өлкөнүн генофондуна зыян келтирип жатканын баса белгилеп, кырдаалга каршы кескин чараларды көрүү үчүн Президенттин Администрациясынын тармактык бөлүмдөрүнө маселени тыкыр талдап чыгууну милдеттендирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button