Окуялар

Бишкекте электрондук капчыктардан 11,5 млн сомдон ашык каражатты чыгарып алды деп шектелгендер кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө электрондук капчыкты пайдалануу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир нече электрондук транзакцияларды жүргүзүү аркылуу жалпы суммасы 11 млн 535 миң 131 сомду түзгөн акча каражаттары мыйзамсыз чыгарылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында төрт жаран кармалды. Алар: Ш.А.Т., 2004-жылы туулган; К.Н.Н., 2004-жылы туулган; Ш.Т.Ш., 1996-жылы туулган жана Т.Б.А., 1996-жылы туулган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле кармалган ар бир жарандын аракеттерине укуктук баа берүү максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги электрондук капчыктарды жана төлөм системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button