Окуялар
Дайынсыз болуп жаткан Азим Жыргалбековдун сөөгү Ысык-Ата дарыясынан табылды

9-ноябрда Ысык-Ата дарыясынан дайынсыз жоголгон 2007-жылы туулган Азим Жыргалбековдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
31-октябрда милицияга Жыргалбековдун энеси кайрылып, 28-октябрда уулу Бишкектеги Турусбеков көчөсүндөгү батирден чыгып кеткен бойдон кайтып барбаганын билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жаран акыркы жолу Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган.
9-ноябрда издөө иштеринин жүрүшүндө ӨКМ жана милиция кызматкерлери Азим Жыргалбековдун сөөгүн Ысык-Ата дарыясынан — Дмитриевка жана Буденовка айылдарынын ортосундагы көпүрөдөн алыс эмес жерден табышкан.
Милиция текшерүү жүргүзүп, окуянын чоо-жайын тактоодо.



