Окуялар

Таксистке кол салып, унаасын айдап качкан шектүү кармалды

Бишкек шаарында такси айдоочусуна кол салып, унаасын айдап качууга шектелген жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.


Кылмыш Сокулук районундагы дача конуштарынын биринде болгон. Жабыркаган таксисттин кесиптешинин айтымында, кол салуунун натыйжасында айдоочу моюнунан жана бетинен оор жаракат алып, көп кан жоготкон. Ал учурда ооруканада жатат.
​Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, шектүү жаран жабырлануучуну (44 жаштагы айдоочуну) өзү ооруканага жеткирип, ошол жерге калтырып кеткен. Андан соң анын унаасын айдап из жашырып кеткен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар деген шек менен 19 жаштагы Т.А. аттуу жаранды кармашты.
​Учурда топтолгон материалдар тиешелүүлүгүнө жараша Чүй облустук милициясына өткөрүп берилди. Тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button