Коом

Кыргызстандын соттук эксперттери жаңы психоактивдүү заттарды идентификациялоонун заманбап ыкмаларын үйрөнүштү

Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттик жана аналитикалык лабораторияларынын адистерин бириктирген жаңы психоактивдүү заттарды жана синтетикалык баңгизаттарды аныктоо жана изилдөө жаатында тажрыйба алмашууга багытталган аймактык практикалык семинар-тренинг болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын КЭМВИ башкармалыгынын эксперти Алтынбек кызы Айсулуу катышты.

Семинардын уюштуруучулары катары Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ), Өзбекстан Республикасынын Борбордук бажы лабораториясы жана Кытай Эл Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча улуттук комиссиясы чыгышты.

Иш-чарага Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандын эксперттик-криминалистикалык жана аналитикалык лабораторияларынын, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Катышуучулардын көңүл борборунда синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын жайылышындагы заманбап тенденциялар, аларды лабораториялык шарттарда изилдөөнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле белгисиз кошулмаларды идентификациялоодогу кыйынчылыктар болду. Анткени мындай кошулмалар аналитикалык маалыматтар базаларында тиешелүү эталондук үлгүлөр жана спектрлер пайда боло электе эле жүгүртүүгө чыгып жаткан учурлар кездешет.

Семинардын программасында заманбап аспаптык изилдөө ыкмаларын үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарына масс-спектрометрия менен айкалышкан газдык хроматография, ИК-Фурье-спектроскопиясы жана рамандык спектроскопия кирет. Катышуучулар аталган технологиялардын теориялык мүмкүнчүлүктөрү менен гана таанышпастан, курамы белгисиз үлгүлөрдү изилдөө, аналитикалык маалыматтарды чечмелөө жана заттардын химиялык түзүлүшүн тастыктоо боюнча практикалык тажрыйба да алышты.

Семинардын алкагында Алтынбек кызы Айсулуу Кыргыз Республикасында синтетикалык баңгизат каражаттарынын жана жаңы психоактивдүү заттардын жайылуу тенденциялары тууралуу презентация жасады.

Ал өз баяндамасында синтетикалык каннабиноиддерди, синтетикалык опиоиддерди жана башка жаңы кошулмаларды эксперттик изилдөөнүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырды. Ошондой эле ата мекендик эксперттик практикада колдонулуп жаткан аналитикалык ыкмалар тууралуу маалымат берип, баңгизат каражаттарынын жаңы аналогдорунун тынымсыз пайда болушуна байланыштуу лабораториялык идентификациялоодо жаралып жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button