Саясат

Юстиция министри Кыргызстандын Венеция комиссиясындагы өкүлү болуп дайындалды

Садыр Жапаров Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясындагы (Венеция комиссиясы) Кыргызстандын өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, юстиция министри Алмаз Айылчиев Кыргызстандан Венеция комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалды.

Комиссиянын мүчөсүнүн орун басары болуп Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматын ээлеген Жылдыз Таалайбек кызы дайындалды.

Жарлык Венеция комиссиясынын уставынын 2-беренесине жана Кыргызстандын конституциясынын 71-беренесине ылайык кабыл алынды.

Ошол эле учурда президенттин 2021-жылдын 8-декабрындагы №551 «Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү жөнүндө» жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.

Тышкы иштер министрлигине жаңы жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрүү тапшырылды.

Документ расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Маалымат үчүн: Венеция комиссиясы Европа Кеңешинин конституциялык укук боюнча консультативдик органы болуп саналат. Ал конституциялык мыйзамдар, демократиялык институттар, шайлоолор жана укук үстөмдүгү маселелери боюнча эксперттик корутундуларды берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button