«Ала-Арча» жаратылыш паркында туристтердин коопсуздугу күчөтүлөт

Өспүрүм Амир Кунакуновдун трагедиялуу окуясынан кийин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Ала-Арча» жаратылыш паркында GPS-трекерлер системасын киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу анын орун басары Талантбек Жунушев билдирди.
Анын айтымында, GPS-трекерде туристтин турган жерин аныктоочу SOS баскычы болот. Эгер адам эки саат кыймылсыз калса, трекер сигнал берет.
«Ала-Арча жаратылыш паркына күн сайын беш миңден 10 миңге чейин адам барат. Эгер мурда Рацектин аймагына 5-10 эс алуучу кирсе, азыр ишемби күндөрү 500-700 адам барат. Кишилер сейилдөөгө чыгып, андан кийин ары кетип калышат», — деди Жунушев парламент комитетинин жыйынында.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев кошумчалагандай, жаратылыш паркында куткаруу станциясы ачылат. Мындан тышкары, министрлик куткаруучулардын ички иш алып баруу алгоритмдерин кайра карап чыкмай болду



