Коом

«Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

27-ноябрда Бишкек—Ош унаа жолунун Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын бардык түрлөрүнүн кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Буга кар жаап, жолдун тайгак болушу себеп болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Чектөө саат 11:15тен тарта күчүнө кирди. Чечим Жол-транспорттук инспекциясынын сунушу менен кабыл алынган. Анын максаты — жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол тыгындарына жол бербөө.

«Кыймылдын кайра жанданышы тууралуу кошумча маалымат берилет», — деп жазылган маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button