Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдор курулат

Кыргызстанда биринчи жолу акы төлөп жүрүүчү Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу боюнча долбоор иштелип жатат.

Бул туурасында КР Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Бул долбоор инвестор табылганда ишке ашат. Кеп мамлекеттик-жеке долбоор тууралуу болуп жатат.

Токмок — Бишкек — Чалдовар трассасы темир жолду бойлой жайгашкандыктан, “Кыргыз темир жолунун” объектилерин сатып алуу керек. Ошондуктан баасы болжол менен 300-500 миллион долларды түзөт. Бул акы төлөнүүчү жол болот.

Бир жарым жыл мурда Транспорт жана жолдор министрлиги акы төлөп жүрүүчү Бишкек — Кара-Балта — Чалдовар унаа жолуна инвесторлор изделип жатканын кабарлаган эле.

Abal.kg