Өзгөчө белек. Көз жоосун алган мозаика (фото)

Бүгүнкү күндөгү эң баалуу белектердин катарын толуктаган белектердин сап башындагы сүрөттөрдун топтому аталган  мозаика жөнүндө сөз кылгыбыз келип турат. Бишкек шаарындагы эң биринчи ачылган “Alan mosaic” ишканасынын негиздөөчүсү Азат Сыдыгалиев менен болгон маек назарыңыздарда.

-Эң биринчилерден болуп кантип ачылып калдыңыздар?
-Жолдошум интернеттен мозаиканы көрүп калып,  Кыргызстанда мындай нерсе жок,  жасап көрүш керек деп калды.  Жолдошум чыгармачыл адам болгондуктан ашканада отуруп алып, изилдеп, чогуу отуруп биринчи өзүбүздүн сүрөттөрүбүздү жасап көрүп, белекке берсе да сонун болот экен деп калдык. Буйрутмаларды инстаграммдан ала баштадык. Биринчилерден болуп баштап атканыбызга байланыштуу кыйнчылыктар болбой койгон жок. Бара-бара тажрыйба алып, жакшы өздөштүрүп кеттик. Тааныштарыбыз да колдоп, эмгегибиз баарына жагып: “ Кыргызстанда мындай жок, сонун болот” деп дем берип жатышты. 3 жылдан бери Кудай буйруса ийгиликтүү иштеп атабыз.

-Мозаика жөнундө айтып берсеңиздер? Канча убакыт кетет?
-Бишкектеги мозаиканы биз жаңы ачкандыктан башка бирөөлөрдүң эмгегин колго алып карай алган жокпуз. Башында бир сүрөт жасаганга бир күн убакыт кетчү. Тайрыйба көбөйгөн сайын жеңил жолдору ачылып, көз каныгып, убакыт үнөмдөп калдык. Бир кардар бизге буйрутма берип, алып кетет, андан башкалар көрөт, анан алар келип жасатат, ошентип жарнама тарап кетет экен. Уйлөнүү тойго, юбилейге берилгенде да элдер көрүп, кызыгып, жактырып дарегибизди сурап келишип, буйрутмалар көбөйө баштады. Башында укмуш деле акча табабыз деген ой жок болчу. Жасап көрдүк. Башкалардын көз карашын уксак жакшы ойлорун айтышты. Ошентип отуруп кеңсебиз ачылды, жумушка балдарды алдык.

-Мозаиканы кимдер көбүрөөк  сатып алышат?
-Көбүнчөсү жаштар. Социалдык тармак өнүккөн заман болгондуктан күн сайын сүрөткө түшкөндөр да бар. Биз да жаштарга ылайыктап баасын жеңил кылганга аракет кылдык.  Чет жерде жүргөн замандаштарыбыз көп буйрутма кылышат. Мозаика аркылуу жакындарына кубаныч, күтүүсүз сюрприз кылышат. Россиядан, Америкадан буйрутма кылышат.  Ата-энелерине, жакындарына жеткизип беребиз. Чынында алар күтүүсуз жерден  сүрөттөрүн көрүп абдан сүйунүшөт. Буйрутма кылган кардарларыбыз алыста жүрсөм да менин ордума жакындарым үчүн кубаныч тартууладыңар деп ыраазычылыгын айтышат.

-Кыргызстанда жаңы иш баштап, ийгиликке жетсе боло турганына ынандыңыздарбы?
-Албетте, азыр ушундай өнүккөн заманда баарын жасаса болот. Бир иштин көзүн таап иштеп кетүүгө эмнеге болбосун? Болбойт деп коркпош керек. Биз өзүбүздүн ишибиз менен бир нерсени билдик. Ал мобилдүүлүк. Кардар келип бүгүн тойго даяр болуш керек деп суранат. Ошондо бардык жабдыктар өзүбүздө болуш керек  экендигин ойлодук. Бардык керектүү нерсе өзүңдө болсо көп жеңилдик болот.
-Мозаиканын өзгөчөлүгү эмнеде?
-Мозаиканын артыкчылыгы бул уникалдуу белек катары баарына кетет. Чоңдордон тартып карапайым элдин бардык катмарына жагат. Конокко барсаң деле мозаика турса сөзсүз аны карайсың. Биздин жумушубуздун кызыктуулугу ар бир сүрөттөрдү карап отуруп эле бир үй-бүлөнүн тарыхын билип алабыз. Анан албетте сүрөттөр бир эле өңдө эмес, канчалык түстүү болсо сонун мозаика чыгат.

-Ош шаарындагы кеңсенер кантип ачылып калды эле?
-Оштон дагы аябай кардарлар көп болуп, анан алардын  мозаиканын өзүн көрсөк болот эле деген суроо талаптары көбөйду. Ошентип Ош шаарына ачылдык.

Маектешкен Элнура Шакирова