Жаштар театрына жаңы унаа берилди

Бүгүн, 22-январда Бакен Кыдыкеева атыдагы жаштар театры машина белекке алышты.

“КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорттук ишканасы” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына 2007-жылы чыгарылган “Тайху”  маркасындагы автотранспорту белекке берди.

Театрдын жамааты гастролго чыкканга кыйналып жүргөн кезде өкмөт тарабынан берилген белек чыгармачыл артисттерге чоң огожо болду.

Эскерте кетсек, Б.Кыдыкеева атындагы театрдын автопаркы эскирип кеткендигине байланыштуу чыгармачыл топ сыртка, гастролго чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болчу.

Ырысгүл Изатова