Саясат

Россиядагы мигранттар Кыргызстандагы жашоону жакшырткан күч

БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин маалыматы боюнча дүйнө жүзү боюнча 258 млн адам мигрант болуп жүрөт. Башкача айтканда дүйнө элинин 3%ы мигрант болуп эсептелет.  

2000-жылдан бери дүйнөдө  мигранттардын саны 49% көбөйгөн. Алардын 26 миллиону качкындар болуп саналат. Көп сандагы мигранттар АКШда жашайт экен. Андан кийинки мигранттар көп жашаган өлкөлөр: Сауд Аравия, Германия жана Россия.

Биздин жарандар көп барган өлкө бул — Россия. 2019-жылдын эсебинде учурда көпчүлүгү Россиянын Москва шаарында иштешет (191 963 адам). Калгандары Москва обл (95 556 адам), Орунбург обл (68 408 адам), Санкт-Петербург (28 419 адам), Новосибирск (31 319), Красноярск (11 335), Свердлов (21 535 адам) ж.б. облустарында тиричилик кылышат.

Алар турак-жай алалы, балдарыбызды окуталы, ата-энебизге жардам берели… жалпылап айтканда жашоо шартыбызды оңдойлу, деген максат менен кеткендер. Ак эмгек менен ай сайын Кыргызстанда калган ата-эне, бир тууган, бала-чакасына акча салып турушат. Жалпы сумманы айтпасак да алар 2019-жылдын сентябрь айында эле $209,9 миллион акча которушуптур. Демек, мигранттар Кыргызстандагы жашоону кыймылдатып жаткан чоң күч!

Президент “Кыргызстан жана Россия жылы” деген ачылышка бара турганы маалымдалды. Бул биздин Россиядагы элчиликтин демилгеси экен. Биздин Президент аталган жылдын ачылышына Россияга барарын биздин элчи менен Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко экөө жолугуп  талкуулашыптыр. Жолугушу учурунда Аликбек Жекшенкулов Россияда жүргөн мекендештерибизге “миграциялык амнистия” жүргүзүүнү суранган. Аликбек Жекшенкуловдун барганы биздин мигранттар үчүн ыңгайлуу болду. Болбосо, качан барсаң элчилик жабык, эч кимди таппайсың деген таарынычтар социалдык түйүндөрдө көп жазылчу. Аликбек мырза барганы жаңылыктар жакшы жагынан чыга баштаганы байкалат.

Эми мигранттар үчүн республикалык деңгээлде көңүл бурулуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөнү жатканы жакшы саамалык. Жарыяланган жыл майнаптуу болуп, кыргыз мигранттарга жакшы шарттар, жеңилдиктер түзүлсүн.

Чар-жайыт жашоодон чарчап, мекенин сагынып, бөлөк эл, бөтөн жерде иштеп жаткан мигрант боордошторубуздун маселелери чечилсин. Алар жакшы мамилеге татыктуу!

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button