Малика Дина Абдумалик Шерматовго: “Сиз тууралуу татыктуу эч нерсе уга албадым!”

Өткөн кылымдын 90-жылдары белгилүү ырчылар Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов “Кош жылдыз” болуп ырдап, элге таанылган эле. Алардын ортосунда Малика Дина аттуу кызы бар.

“Кош жылдызга” суктанган алардын күйөрмандары да болгон убагында. Бирок, бир кыздуу болгондон кийин эле  эки ажырым жолго түшүшкөн.

Жакында эле Абудмалик Шерматов белгилүү ММКга маек берип, кызы Малика-Дина менен сүйлөшпөй калганына, ага апасы Динара Акулованы күнөөлөгөн эле.

Бул маектен кийин кызы Малика Дина  атасына жооп иретинде Инстаграм баракчасына кайрылуу жасады:
“Сиз мени менен өзүңүз билип, бир дагы жолу кабарлашкан эмессиз. Өмүр бою аялдарынызды жамандап, 5 тонна калпты айтасыз! Билип коюңуз, менин апамдыкындай чыдамкайлык мүнөз менде жок.  Сиздин мүнөзүңүзду тартып, сиздин кызыңыз болуп төрөлгөнүмө өкүнөм. Эсиңизде болсун! Апамды өз фамилиясына өткөрүп алуусун 4-классымда көз жаш кылып өзүм сурангам. Аялдарыңыз тууралуу жаман сөз айткандан башка, сиз жөнүндө татыктуу эс нерсе уга албадым. Эң башкысы ден соолукта болуңуз!”- деп жазды.

Малика Динанын бул жазганы коомчулукта ар кандай пикир жаратууда.

Abal.kg