Окуялар

Бишкекте эң кымбат сегиз машина өрттөнүп кетти

Кечээ, Бишкекте Курөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа оңдогон жайдан өрт чыгып, бир киши жабыркаган. Тилсиз жоо кечке жуук өчүрүлгөн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте автоунаа оңдоочу жайдан чыккан өрттө сегиз унаа күйүп кеткен. «Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан техникалык тейлөө станциясында чыккан өрттөн ичиндеги сегиз жеңил унаа — Toyota Wish, Lexus 470, Lexus 350, Toyota Cynos, BMW E34, BMW E39, Mercedes-Benz W124, Volkswagen Golf 3 күйүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Өрттөн каза болгондор жок экендиги айтылды. Кырсыктын себеби такталууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button