Бишкектеги бала бакчада коррупциялык иштер далилденди

Бишкектеги №5 бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячылары ата-энелер чогулткан акчаны менчиктеп алышканын Биринчи май райондук прокуратурасы аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

2017-2019-жылы коротулган акчанын жалпы суммасы 396,7 миң сом болгон. Андан тышкары 156,4 миң сом мыйзамсыз түрдө айлык акы катары бала бакча директорунун эжесине төлөнүп берилгени маалым болду.

Бул бала бакчада жетекчинин эжеси кароолчу катары ишке мыйзамсыз кабыл алынган. Андан кийин тарбиячынын жардамчысы, аягында окутуучу болуп катталган. Бирок бала бакчанын эмгек жамааты ал бир да күн иштебегенин айтышууда.

Андан тышкары  бул бала бакчага 23 бала электрондук кезексиз жана башка тиешелүү каттоосуз кабыл алынган. Ата-энелер алардын бала бакчага барган акысын тарбиячылар аркылуу накталай төлөп турушкан. Ал акчалар райондук агартуу борборуна которулбай, бакча директорунун чөнтөгүнө түшүп турганы маалым болду.

Бала бакчанын жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, 553,1 миң сом жыйнаган. Бул акчанын бир бөлүгү ата-энелерден мыйзамсыз чогултулган, бир бөлүгү бакчага бала киргенде төлөнүүчү акчалар болгону айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектеги №5 бала бакчанын жетекчилигинин үстүнөн ата-энелер бир нече жолу даттанышкан. Алар бакчанын директору балдарга арналган азык-түлүк уурдалып, чогулган акчалар максатсыз сарпталып жатат деп нааразы болушкан. Бул маселе буга чейин Бишкек шаар кеңешинде да каралган эле.

Abal.kg