Окуялар

Iphone 11 телефонун алдап күрөөканага койгон кишини милиция кармады

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына М.Н. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш А. Аттуу жигит анын баасы 64 миң сом болгон Iphone 11 үлгүсүндөгү телефонун алып, күрөөканага коюп, акчаны өзүнүн кызыкчылыгына коротуп салганын айтып арыз жазган.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси алдамчылык боюнча катталган.
Ыкчам иликтөө учурунда Октябрь РИИБдин кызматкерлери 1993-жылы туулган К.А. аттуу жаранды шектүү катары кармап, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыш иштерине катыштыгы барын иликтеп жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button