Быйыл кайсы театрлар оңдоп-түзөдөн өтөрү айтылды. Алардын тизмеси

Мамлекет башчысы маданият тармагын колдоо, өлкөнүн маданий объектилерин оңдоп-түзөө жана санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2019-жылы республика аймагындагы бир катар маданий объектилер капиталдык ремонттон өткөрүлгөнүн маалымдады.

Алардын ичинде, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театры, С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры толугу менен оңдолуп-түзөлгөн.
Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында ремонт иштери башталды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Азамат Жаманкулов Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөрдүн театры менен М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында капиталдык ремонт иштерин баштоо, ошону менен катар алардан алыс эмес жерде жайгашкан балдардын маданий жактан эс алуусуна багытталган К.Жакыпов атындагы паркты жакшыртуу пландаштырылганын билдирди.

Abal.kg