Коронавирус. Японияда мектептер, айрым коомдук жайлар жабылды

Японияда азыркы тапта 1030 киши коронавирусту жуктуруп, 12 адам бул оорудан көз жумду. Ооруга кабылгандардын басымдуу бөлүгү (706 адам) Diamond Princess лайнеринин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү.Ушундан улам 5-мартка карата бардык деңгээлдеги мектептерде окуу токтотулду жана айрым коомдук жайлар жабылды.

Япониянын мектептериндеги мөөнөтсүз каникул 2-марттан тарта башталган. Айрым мектептер эгер бала менен үйдө кала турган киши жок болсо, аларды кабыл алышарын билдиришти.

Жапон өкмөтү мөөнөтсүз каникулду окуучулардын жазгы салттуу эс алуусу башталганга чейин улантууну өтүндү. Жазгы каникул Жапониядагы мектептерде март айынын акыркы он күндүгүнө туш келет.

Abal.kg