Кечээ актриса жана режиссер Ырыс Жоомартова жеке жашоосу, унаасы тууралуу белгилүү ММКга маек берип, коомчулуктун талкуусунда калган эле.
Актриса жана режиссёр Ырыс Жоомартова жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде: “Гүлжайна Атаканова айдап жүргөн Лексус GX470 үлгүсүндөгү унааны мындан 7 жыл мурун айдап койгом. Азыр аныкындай унааны баары эле айдап жүрүшөт. Менин унаам акыркы үлгүдөгү Toyota Land Gruiser 200 үлгүсүндөгү унаа болгондуктан, жетпей жүргөн эркектер көп болуш керек”,- дегени кечээ чоң талкууну жараткан эле.
Режиссер айымдын бул маегине Гүлжайна Атаканова тамаша катары кабыл алганын айтып, интернет тармагына жазды:
“Темир тулпарыңыз кут болсун! Жакшылыктарга айдаңыз. Сизди сыйлайм. Өтө аракетчил, мээнеткеч, чынчыл, күчтүү айымсыз. Бизге дагы сиздикиндей унааларды Аллахым насип кылсын ылайым. Ден-соолукта бололу.Комментарий жазгандар Ырыс эжемди жакындан билсеңер жан дүйнөсү таптаза, алтын эже. Жөн гана тамашалап койсо керек. Жаман жазбагыла!”-деген билдирүүсүн калтырды.
Бирок, социалдык тармактын колдонуучулары Гүлжайна айымдын бул жазганын достукту бекем кармап, тилектештик иретинде жазганындай, жөн эле жоотконкондой кабыл алышты.
Abal.kg