Ширин Айтматова 2 кызын ээрчитип “Феминалле” уюштурган митингге келди (фото)

Бүгүн, 8-мартта Бишкектеги Жеңиш аянтында “Феминалле” жана “8/365” деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан митинг уюштурулган.

Митинг жаңы башталары менен аларды калпак кийген жигиттер келип кууп салышты. Бул митингди уюштургандар мындан эки жыл мурун эле коомчулукта “гейлердин-парады” деген атка конгон.

Мындай адамдардын жүрүшүн колдоп белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова 2 кызын ээрчитип, Улан Үсөйүн, Алтын Капаловалар дагы жүрдү.

Өткөн жылы дагы так эле ушундай жүрүш болуп, аны Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Улан Үсөйүн жана Айбек Турдалиев жетектеп башында турушкан болчу.

Быйыл, Рита Карасартова мамлекеттик кызматка кетип, Равшан Жээнбеков түрмөдө жатканына байланыштуу катыша алышкан жок. Бирок,  мындай гей жүрүштү Равшан Жээнбековдун теле каналы туз алып көрсөтүп, маалыматтык колдоо кылып жатты.

P.S. Сүрөттөр интернеттен алынды.

Abal.kg