Окуялар

Митингде ызы-чуу чыгарып, жарандарга түкүргөн аялга соттун чечими чыкты

Жакында, 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, кээ бирлерине кол салып, элге түкүрүп, сөгүнгөн аял СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган бул аялга Бишкектин Свердлов райондук соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Маалыматка таянсак, 2-марттагы митингден кийин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин массалык башаламандык менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 2020-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан Бишкекте 2020-жылдын 2-мартында Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин өздүгү такталган. Ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген.

Мындан башка дагы бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button