Кыргызстандын футбол союзу өзүнүн эң белгисин иштеп чыгууга конкурс жарыялады. Логотип футбол союздун расмий эмблемасы катары кабыл алынып, расмий документтерде колдонулат.
Конкурс 15-апрелге чейин уланат.
Кыска тизмеге кирген беш иштин авторуна КР Улуттук курамасынын футболкалары менен 2020-жылы Бишкекте боло турчу бардык беттештерге катышууга абонемент берилет.
Эң мыкты болуп, калыстардын купулан толгон логотиптин ээси 1 миң доллар сый акы алат.
Abal.kg