Дүйнө

Коронавирус. Меккедеги Кааба жабылды. Ондогон ири шаарлар аңгырап ээн калды (фото)

Венеция “город-призрак” болуп ээн калды; спорттук мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп атат, а мусулмандардын ыйык жайы Меккеге зияратка баруу убактылуу токтотулду. Ушунун баары  коронавирстун жайылышын алдын ала-алуу камы деп жазды, Новости Mail.ru.

Италияда бүтүндөй өлкөнүн аймагына карантин киргизилди. Массалык иш-чаралар, спорт мелдештери токтотулду, мектептер, университеттер жабылды. Адамдарга зарылчылык жок болсо, үйдөн чыкпоого сунуш  берилди.

Сауд Аравиясынын бийликтери акыркы 40 жылдын ичинде биринчи жолу Меккенин Каабасын жапты. Исламдын эң ыйык жайы качан кайра ачылаары азырынча белгисиз.

Ушул учурда эпидемия 109 мамлекетке тарап, Россияда коронавирус 31 жаран катталды. Ошол эле учурда Кытайдын Уханында адамдар маскаларын чечип, көчөгө чыга баштаганы,  чоң үмүт жаратып турат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button