Спорт
Токиодо Олимпиада оюндары өтпөй турган болду
“Жер жүзүнө коронавирус тарап атканына байланыштуу Олимпиада оюндарын алгачкы пландообузга жараша өткөрүү мүмкүн эмес” деп айтты парламентте Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ. Бул туурасында ТАСС билдирди.
«Менин оюмча, дүйнөдөгү азыркы абал Олимпиаданы өткөрө тургандай шартта эмес», — деди ал. Абэ бул маселени Эл аралык олимпиадалык комитеттин (МОК) жетекчиси Томас Бах менен талкуулай турганына ишеним билдирди.
Олимпиадалык оюндар Токиодо 2020-жылы 24 – июлдан 9-августка чейин өтмөк. Төрт жуманын ичинде Олимпиадалык оюндардын белгиленген мөөнөттө өтөөр-өтпөсү тууралуу МОК чечим кабыл алат, деп билдирди Бах жекшембиде. Дүйшөмбүдө болсо Канаданын Улуттук олимпиадалык комитети курама командасын Токиого жиберүүдөн баш тартты.
Abal.kg