Принцесса коронавирустан каза тапты

 27 – мартта Парижде принцесса Мария Тереза Бурбон-Пармдык каза болду. Өлүмүнүн себеби коронавирус деп маалымдады РИА Новости.

Италиянын Парм герцогчулугун башкарган, андан соң Люксембургду башкарган пармдык Бурбондордун династиясына кирген Мария Тереза 1933-жылы туулган.  86 жашка караган.

Анын туугандарынын ичинде Испаниянын королу Филипп VI менен испан тактысына  атаандаш болгон Парм герцогу Карлос бар.

Мария Тереза күйөөгө тийген эмес, бала төрөбөгөн, жалгыз  жашаган. Ал карлисттердин монархиялык партиясынын активдүү жактоочусу болгон. Капитализмди сындаган, социалисттик монархиянын орнотулушун кыялданган.   

Abal.kg