Вирусту токтотууда Япония тазалыгынан башка да Италиядан эмнеси менен айырмаланды?

Японияда COVID-2019 коронавирусунун жайылышы Италия, Испания, АКШ, же Кытайдагыдай абалга караандаган да жок. Бүгүнкү күндө 126 миллион киши жашаган Японияда Diamond Princess круиздик лайнеринин 712 жүргүнчүсү менен экипажын кошо эсептегенде,  баары болуп COVID-2019 менен сыркоологон 1900 бейтап бар. Анын ичинен  ошол эле лайнерден каза тапкан 10 кишини кошкондо 52 жаран көз жумган. 64 бейтап өпкөсүн жасалма желдетүүгө жаткырылган.

“Башка мамлекеттердин баары көңүлүн чыгышка бурушуп, япондуктар эпидемияны  кантип токтотуп жатышат деп түшүнүүгө аракет кылышууда. «Япон секрети» көп  составдуу туюлушу мүмкүн жана анын бир нече компоненттери белгилүү” деп жазды МК (Московский комсомолец), 26-мартта.

Японияга инфекция 10-январда пандемиянын эпицентри болгон Ухандын өзүнөн келген. Аны Кытай жараны “ала келген”. Андан соң башка мамлекеттердегидей эле коронавирустун очогу улам бир шаарда, Япониянын дээрлик баардык аралдарында табыла баштаган.  Бирок, АКШ менен Европадагыдай кулач жайган жок. Күнүгө 30-40 кишиден табылып атты. А бүгүнкү күнгө (24 – мартка) карата коронавирус Diamond Princess круиздик лайнеринин 712 жүргүнчүсү менен экипажын кошо эсептегенде  баары болуп COVID-2019 менен сыркоологон 1900 бейтап бар. Анын ичинен  ошол эле лайнерден каза тапкан 10 кишини кошкондо  52 жаран көз жумган. 64 бейтап өпкөсүн жасалма желдетүүгө жаткырылган. 

«Восток-Медиа»  билдиргендей лайнер бир ай Йокогама портунда карантинде турган. Андан чет өлкөлүк туристтерди, анын ичинде россиялыктарды,  акырындап алып чыгышкан.

Эгерде 126 миллиондон ашык эли бар Күн Чыгыш өлкөсүндө, улгайган адамдардын үлүшү өтө жогору  процент түзөөрүн эске алсак, вирус мындан бир ай эле мурда киргенине карабастан 6 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган (иш жүзүндө 9 миңден ашуун) Италиянын жанында Япониянын абалы шоона эшпейт десек болот.

ТАСС агенттигинин эксперттери Япониялык бийликтин тактикасын “жумшак ооздуктоо” деп аташууда: театрлар  менен музейлерди жаап, көпчүлүк массалык иш-чараларды токтоткондоруна карабастан, өлкөгө жапырт карантин кирген эмес. Окуучуларды 2-мартта каникулга жиберишкен, а 14%ке жакын кызматкерлерди оолактан туруп иштөөгө (удалённая работа) жиберишкен.

Япондордун инфекция менен күрөшүнүн ноу-хаусу:  өлкөдө жаңы  коронавируска ээн-эркин барып тест тапшырууга болбой тургандыгына  байланышкан. ОРВИнин симптомдору бар бейтаптарга – температурасы жогору, жөтөлгөн жана мурду бүткөндөргө – төрт күндөн кем эмес,  а эгерде улгайган болсо, анда эки күндөн аз эмес үйдө  олтурушун сунушташат. Кокус оору кайтпаса же жеңилдебесе, анда атайын борборлордун бирине телефон чалып сырттан сүйлөшүүдөн (заочное собеседование) өтүү керек. Ушундан кийин гана саламаттык сактоо мекемелери бейтапты ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алышат. Мындай иш чара Италиядагыдай пациенттердин кескин түрдө  үстү-үстүнө үйүлүп агылып келишин токтотууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Италиянын кишилер жык-жыйма болуп батпай атышкан ооруканалары, тез тарап бара жаткан инфекцияны токтото алышпай, тескерисинче өзүлөрү аны таратуучу уюкка айланып кетишти.  А япондуктар өзүлөрүнүн кыйшаюсуз стерилдүүлүгүн сактап калышты.

Көз жумгандардын саны жагынан Италия биринчи орунда -9 миңден өттү.

Ошол эле учурда Японияда  атайын топтор, ар бир жаңы пациенттин тууган-туушкандарынын, тааныштарынын жуктуруп алуу потенциалын  максималдуу  түрдө тез аныктаганга аракеттенишет. Япондуктар муну да жетиштүү түрдө эффективдүү жасашат.

Кошумчалай турган болсок,  япондук жарандын турмуш-тиричилик  жүрүм-турум маданиятында –спирттүү салфеткалар же антисепктиктер менен дайыма колду дезинфекциялап туруу адаты орун алган. Көпчүлүк, пандемиясыз деле демейки күндөлүк режиминде маска тагынып жүрүшөт. Анткени,  «коронасыз» деле жетиштүү болгон ар кандай вирустарга кабылгылары келишпейт. Ал эми буга  япондордун жолукканда кол алышуунун оордуна бири-бирине салтуу жүгүнүүсүн эске ала турган болсок, анда эпидемияны ооздуктап аткан иш чаралардын – «япон секретинин»  –  бүтүндөй бир комплекси түшүнүктүү болот.

Күндөлүк жашоо-турмушунда маскасын чечпеген япон жаштары.

Ушул жумада Япониянын министрлер  кабинети мектептердеги окууну  1 – апрелден баштоого рекомендация берди. Ушул дата аралдагы мамлекетте жаңы окуу жылынын башталышы болуп саналат.  

Abal.kg