Маданият

Коронавирус. Ырчы Газманов ошол кечеден кийинки “ужас” жөнүндө айтты

Лев Лещенко менен Игорь Николаев катышышкан кечеден кийинки “ужас” туралуу, «Россия-1» телеканалынын ”60 минут”  шоусунун эфиринде,  ошол тойдо тигилер менен чогуу болгон ырчы Олег Газманов билдирди. Бул туурасында 28 – мартта РИА Новости маалымдады.

Программаны алып барган Евгений Поповдун айтымында, композитор Игорь Крутойдун эжесинин туулган күнүнө карата өткөрүлгөн кече 14 — мартта болгон. Эфирде кечедегилердин баары бири-бири менен “кучакташып, өбүшүшүп анан колдорун кысышкан” кадрлар көрсөтүлгөн.

«Мен бул кадрларды азыр үрөйүм учуп көрүп атам, анткени дүйнө ушунчалык тез өзгөрүүдө. Мындан бир аз мурда эле мунун баарын  көргөнбүз, анан эмнеси бар кучакташыптырбыз, деп ойлогонбуз да, басып кеткенбиз. А азыр болсо, көрүп атып ойлоп атам, мындай кылбаш керек болчу деп «, — деди Газманов.

Ырчы өзүн эң сонун сезип атканын баса белгилеп, азыр үй-бүлөсү менен изоляцияда экенин айтты. Ошол кечте, ал Игорь Николаев менен көрүшкөндө аны кучактаганын, анда коронавирус жуктуруу коркунучунан кенедей да шек кылбаганын  билдирди.   

«Эки жумадан кийин мен баарына айтамын: адамдар мындай кенебес болбогула, бул силердин так жаныңарда эле турат – кимден болбосун жугат  деп», — деди артист.

Мурда белгилүү болгондой, Игорь Николаевге пневмония деген диагноз коюлган. ММКнын маалымдоолоруна караганда ал коронавируска тест тапшырган, тыянагы чыга элек.

Ошол эле учурда  жума күнү Лев Лещенкодон  COVID-19 табылганы бышыкталган.  Ырчы ага чейин эле  эки өпкөсү тең пневмония болуп, жубайы менен кошо Коммунаркадагы ооруканга жаткырылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button