Пандемия. АКШыны «өтө оор эки жума күтүп турат» деди Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп короновирустун жайылып жатканына байланыштуу Америка Кошмо Штаттарын алдыда өтө оор эки жума күтүп турат деп эсептейт. Бул туурасында 1апрелде ТАСС билдирди.  

«Биз өтө оор эки жуманы башыбыздан өткөрүшүбүз керек болуп турат», — деди  Трамп, шейшемби күнкү Ак үйдөгү брифингде. Ошону менен бирге эле Вашингтондун администрациясынын башчысы андан кийин абал оңолот деген үмүтүн билдирди. «Андан кийин, эксперттер прогноздоп жатышкандай, ишенем,  <…> биз тоннелдин акырынан жарыкты көрөбүз», — деп кошумчалады президент.

Шейшембиде АКШнын Администрациясы өлкөнүн элине коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн ар түрдүү карантиндик мүнөздөгү 30 күндүк рекомендацияларды жарыялады. Мурдараак мындай иш-чаралар 15 күнгө жарыяланган болчу.

Джонса Хопкинстин Университетинин маалыматы боюнча АКШда инфекция жугузгандар дээрлик 188 миңге жетип,   3,8 миңден ашык киши көз жумган. CNN телекомпаниясы акыркы бир сутканын ичинде АКШда 770 адам коронавирустун курмандыгы болгонун кабарлады.

Abal.kg