Түркмөнстанда беткап тагынгандарды камайт

Түркмөнстан расмий түрдө, мамлекеттик деңгээлде “коронавирус” деген сөздү пайдаланууга тыюу салды. Мындан ары бул сөз маалымат каражаттарында таптакыр эскерилбейт. Бул туурасында мурда кабарлаганбыз. Эми кимде ким ушул сөздү пайдаланса, же айтса камала турган болду. Бул туурасында Nur.kz телеканалы 31-мартта билдирди.  

Ушул эле телеканалдан алынган маалыматка караганда “коронавирус” деген сөз үчүн гана эмес, кокус беткап тагына турган болсо да камалат.

44 миң киши коронавирус жугузган Иран менен чектешкен Түркмөнстандын өкмөтүнүн мындай ойго келбес кадамга барышы, өлкөдөгү пандемияны жашырыш үчүн жана ошондой эле башка мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалдарды билгизбөө максатында кылынган аракет, деп жазат батыштын RSF басылмасы.

Расмий түрдө коронавирус инфекциясы Түркмөнстанда жок. Бирок 19-марттан тартып мамлекеттин борбору Ашхабадга кирүүчү жана андан чыгуучу жолдордун баары жабылды.

Abal.kg