Россия COVID-19ду аныктоочу өтө жогорку тактыктагы тест чыгарганын кабарлады

Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө  институту  COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктай турган жогорку тактыктагы тест иштеп чыкты.

Ал тест клиникалык сыноодон өтүп, Россияда пайдалануу үчүн  катталды. Бул туурасында Роспотребнадзордун пресс-кызматы  маалымдады деп, 1-апрелде Радио Свобода билдирди.

Жаңы тест коронавирусту эле аныктабастан, ага түспөлдөш  келген атипичная пневмония жана Жакынкы Чыгыштын респиратордук синдромун пайда кыла турган  вирустардан аны  айырмалай турган сапатка да ээ. Реагенттердин жаңы курамы “АмплиСенс Cov-Bat-FL” деген ысым алды. Ал өтө сезгич  жана адамдын башка коронавирустарынын үлүгүлөрүн калп-оң реакциялардан айырмалай алат, деп айтылат, маалыматта.

Abal.kg