ИИМ.Коменданттык саатта сойкуларды ташыган милиция кызматкери тууралуу маалымат жалган

755

Бишкек шаарындагы коменданттык сааттын убактысында Свердлов РИИБнын ыкчам кызматкери өзүнүн жеке автомашинасы менен шаар ичинде кетип бараткан кезде кайгуул кызматы аркылуу токтотулган.

Учурда анын коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Айрым бир сайттарда жарыяланган милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн деген жалган маалымат болуп эсептелет.

Ички иштер министрлиги жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоону суранат жана ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын дагы бир жолу эскертет.

ИИМдин Басма Сөз кызматы