Москвада ымыркай коронавирус менен төрөлдү

Жаңы төрөлгөн ымыркай жарык дүйнөгө коронавирус инфекциясы менен кошо келди. Наристе төрөлө электе энесинен алынган анализ коронавируска оң тыянак берген. Бул тууралуу маалыматы жетиштүүлөрдүн бирөө «Лента.ру» агенттигине билдирген.

Инфекциялуу ымыркай Москванын №15- ооруканасында төрөлгөн. Бул оорукана коронавирустан жабырлангандарды дарылоо үчүн ылайыкташтырлган.

Наристени  кесарево кылып кесип туруп, алышкан. Энеси азыр баласынын жанында.

1-апрелге карата Россияда  2777 киши жуктурган, 24ү каза тапкан, 190 адам айыгып чыккан.  

Abal.kg