Ыкчам штаб: Өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал учурундагы укук бузуларга жоопкерчилик күчөтүлдү

Мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал учурундагы укук бузуларга жоопкерчиликти күчөтүү каралган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри ар бир кыргызстандык жакын адамынын жана коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин түшүнүүсү зарыл экенин белгиледи. 

«Жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режими маалындагы талаптарды бузгандар, дары-дармектин наркын жогорулаткандар, такталбаган маалыматтарды тараткандар, коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар үчүн жаңы айыптар жана башка жоопкерчилик чаралары жөнүндө коомчулукка маалымат жеткирүү керек. Бардык жарандар, өзгөчө обсервация жана карантиндегилер жоопкерчиликти билүүсү керек жана аны унутпашы зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими киргизилген учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап бузуу, эгерде бул массалык ооруга чалдыгууга, адамдардын уулануусуна алып келсе, II категорияда (2,5 жылдан 5 жылга чейин) эркинен ажыратуу түрүндө жазага алып келет.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 1191-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу үчүн 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин айыппул же 3 айдан 6 айга чейин эркинен ажыратуу, же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган. Бул берененин 2-бөлүгүндө өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилген учурдагы талаптарды бузуу үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул, же 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратуу, 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган.  

Ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекси 1271-берене менен толукталган, ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими шартында (карантин) чектөө эрежелеринин талабын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилет, бул үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейинки айыппул түрүндө жазалоо каралган. Өзгөчө кырдаал, же аскердик абал шартындагы ушундай жосун үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул салынат.

Бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 491-берене киргизилүүдө, анда өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө, же аскердик абал режими учурунда дары-дармекти жогорулатылган баада сатуусу үчүн жоопкерчилик каралган. Аталган бузуулар боюнча айыппул боюнча төлөтүп алуу физикалык жактар үчүн – 10 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 28 миң сомду түзөт.

Abal.kg