Дүйнө

Коронавирус. Мурда чыр-чатаксыз жашап келген үй-бүлөдө күйөөсү аялын өлтүрдү

Британиянын Кумбран шаарында 27-мартта полиция кызматкерлери кылмыш жасалды деген маалымат түшкөндөн кийин, дароо ошол даректи көздөй жөнөшкөн. 67 жаштагы аял киши  квартирасында эс-учун жоготкон абалда табылган. Зомбулуктун натыйжасында, башынан оор жаракат алгандыгына байланыштуу жабырланган аял ооруканда көз жумду. Өз аялын өлтүрдү деген айып менен 69 жаштагы эркек киши кармалган. Бул туурасында Daily Mail басылмасы 4-апрелде билдирген.

Кошуналардын айтуусунда, жубайлар 45 жыл никеде жашаган мезгилдин ортосунда,  алардын үйүндө чыр-чатактар болгонун көрүшкөн да, туюшкан да эмес. Бирок, карантин киргизилгенден кийин көптөгөн адамдар дайыма стрессте жана паникада жашап калышкан. Кыязы карантин учурунда экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, күйөөсү аялын башка чапса керек. Бул атайлап өлтүрүү ниети менен болгон эместир. Бирок, баары бир, бул факт чоң эле кишинин бул кылганын актоого жардам бере албайт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button