Маданият

Кинорежиссер Михалков “зордуктаган” деп Вайнштейндин үстүнөн арзыданган актрисаларды «сойкулар» деп атады

Дүйнөгө белгилүү орус кинорежиссеру жана киноактеру Никита Михалков «Россия 24» каналында көрсөтүлчү өзүнүн «Бесогон ТВ» шоусунун   эфиринде, америкалык атактуу кионпродюсер  Харви Вайнштейнди эмне кылмышы үчүн жазалашканын түшүнбөйм деди.   

Харви Вайнштейн киноактриса Кейт Бекинсейл  менен

Анын пикири боюнча Вайнштейндин бар болгон күнөөсү “социалдык жоопкерчилиги төмөн аялдар” менен интимдик мамиледе болгону. Михалков минтип Вайнштейн тарабынан зордук менен көңүлдөш болууга туш келип, жабыр тарткан актрисаларды эсептейт. Анткени, режиссердун пикири боюнча, роль алуу же контракт түзүү  үчүн гана көңүлдөштүккө баруу — сойкулуктан эч кандай айрымасы жок.  «Ушул мамилелердин ары жагында  — түпкүрдө «Оскар» турат. Ал жерде эч кандай сүйүүгө, сезимге берилүү болгон эмес. Аякта карандай эсептөө бар», — деген Михалковдун пикирин Dni.ru маалымдайт.

Харви Вайнштейн аялы актриса Джордина Чапман менен

80 кишини өлтүргөн террорист Брейвикти 21 жыл түрмөгө кесет, ал эми Харви Вайнштейнге 23 жыл берип, өтө акыйкатсыздык кылышкан, деп эсептейт Никита Сергеевич.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button