Сауд Арабиясынын 150 ханзадасы коронавирус жуктурушту. Ажылыкка тыюу салынабы?

Сауд Арабия королунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн 150 ханзадасы коронавирус жуктуруп алган болуш керек, деп билдирди 9-апрелдеThe New York Times, өзүнүн маалыматтарына таянып – МК.

Ооруканага жаткырылган ханзадалардын бири Эр-Рияддын губернатору экени айтылган.

Король Салман өзүн-өзү изолияциялап, Джиддадан алыс эмес Кызыл деңиздеги аралдардын бирине жайгашкан  сарайында. Тактынын мураскору  ханзада Мухаммад ибн Салман дагы өзүн-өзү изоляциялаган, ошондой эле падышачылыктын бир нече министрлери да ушундай эле абалда. Ошондой эле тандамал ооруканда, королдун үй-бүлө мүчөлөрү үчүн  жата турган 500 жай даярдылды.

Мындан мурда Сауд Арабиясы коронавирустан айынан катуу карантин киргизген. Дарыканага жана азык-түлүк дүкөнүнө барууга гана уруксаат берилген. Падышачылыкта, ушул күнгө карата 2 795 диагнозу бышыкталган коронавирус жуктурган бейтаптар бар. 41 киши илдеттен курман болду. Ошону менен бирге эпидемия жайылып кетүү коркунучунан улам бул жылы ажылыкка тыюу салынат деген каңшаар бар.

Abal.kg